ЖЕТЕКЧИЛИК КЫЗМАТКА ТЕСТИРЛӨӨДӨН 9 ТАЛАПКЕР ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

28 Ноябрь 2023 ж. 18:51

Көрүлдү: 2719

Бүгүн, 28-ноябрда башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын директорунун бош кызмат орундарына талапкерлерди тестирлөөдөн 10 адам өттү.

post.title

Тестирлөө 3 нөөмөттө өтүп, ага жалпысынан 153 талапкер катышты.

Тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн талапкерлердин тизмеси:

  • Элеонера Ишеекева – Бишкек шаарындагы №5 кесиптик лицейдин директорлугуна талапкер;
  • Максат Төлөбаев – Бишкек шаарындагы №20 кесиптик лицейдин директорлугуна талапкер;
  • Тургунбек Токтосунов – Ысык-Ата районундагы №1 кесиптик окуу жайдын директорлугуна талапкер;
  • Алмагүл Исраилова жана Анаркүл Серекова – Бишкек шаарындагы №93 кесиптик лицейдин директорлугуна талапкер;
  • Болот Иманалиев жана Венера Топонова – Бишкек агроэкономика колледжинин директорлугуна талапкерлер;
  • Сайрагүл Акмолдоева жана Алмаз Азаматов – Каракол педагогикалык колледжинин директорлугуна талапкерлер.

Белгилей кетсек, тестирлөө Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнунундагы №312 Токтомунун негизинде Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору тарабынан ишке ашырылат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар