КЫРГЫЗСТАН ЖАНА РОССИЯ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДА БИЛИМ ЖАНА ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУНУ КЕҢЕЙТҮҮГӨ ДАЯР

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

28 Ноябрь 2023 ж. 11:48

Көрүлдү: 2278

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева КМШ мектеп тамак-ашы боюнча форумунун алкагында Орусия Федерациясынын Агартуу министринин орун басары Денис Грибов менен жолугушту.

post.title

Жолугушуунун катышуучулары билим берүү тармагындагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Тараптар Бишкекте өткөн КМШ өлкөлөрүнүн мектеп тамак-ашы боюнча биринчи форумунун ишин натыйжалуу деп табышты.

Министр атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо жана илимий изилдөөлөрдү стимулдаштыруу үчүн күчтүү жана заманбап билим берүү системасын түзүүгө умтулгандыгын көрсөткөн билим берүү жана илим тармагындагы өлкө жетекчилигинин колдоосун белгиледи.

Денис Грибов форумду жогорку деңгээлде уюштургандыгы жана иш-чараны 2024-жылы Орусияда өткөрүү эстафетасын өткөрүп бергендиги үчүн ыраазычылык билдирип, бул форумга катышкан өлкөлөрдүн өнөктөштүгүн өнүктүрүүдө маанилүү кадам болгонун белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Россия Федерациясынын өкмөтүнө тогуз мектептин курулушуна колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Догдуркүл Кендирбаева “Чет жердеги орус мугалими” долбоорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, билим берүүдөгү алдыңкы тажрыйбаларды алмашууга даяр экендигин билдирди.

Министр Кыргыз Республикасынын Билим берүү тармагында ваучердик системаны киргизүүгө, билим берүү процессин санариптештирүүгө, тиешелүү предметтер боюнча окуу китептерин иштеп чыгууга жана өлкөдө Россиянын педагогикалык жана инновациялык жетишкендиктеринин жарманкесин өткөрүүгө кызыкдар экендигин айтты. Ошондой эле жолугушуунун катышуучулары ЖОЖдордун кызматташуусунун келечегин, студенттерди педагогикалык багыттар боюнча окутуу үчүн квоталарды көбөйтүүнү, мугалимдердин квалификациясын жогорулатууну талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар достук мамилелерди чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар