КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ӨЗБЕКСТАН ЗАМАНБАП БИЛИМ БЕРҮҮ МЕЙКИНДИГИН КАЛЫПТАНДЫРУУ ҮЧҮН КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ТЕРЕҢДЕТҮҮНҮ КӨЗДӨЙТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

27 Ноябрь 2023 ж. 19:16

Көрүлдү: 434

2023-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Өзбекстан Республикасынын Мектепке чейинки жана мектептик билим берүү министринин биринчи орун басары, Мектепке чейинки билим берүү агенттигинин директору Агриппина Шин менен жолугушту.

post.title

Жолугушуунун негизги темаларынын бири Бишкек өткөн КМШ өлкөлөрүнүн мектеп тамак-ашы боюнча форумдун жыйынтыктарын талкуулоо болду. Министр Агриппина Шинге иш-чараны уюштурууга активдүү катышкандыгы жана кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты бекемдөө үчүн мындай аянтчалардын маанилүүлүгүн белгиледи. Агриппина Шин форумду мыкты даярдагандыгы жана өткөргөндүгү үчүн Министрликке ыраазычылык билдирди.

Тараптар билим берүү процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында инновациялык технологияларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Ошондой эле билим берүү тармагындагы санариптештирүү жана инфраструктураны жакшыртуу жана билим берүү ресурстарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн аутсорсингдин мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Министр Өзбекстанда ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан билим берүү системасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун катышуучулары окуучулардын экологиялык маданиятын жана өзгөрүп жаткан климатка ыңгайлашуу көндүмдөрүн калыптандыруу үчүн туруктуу өнүгүү жана экологиялык билим берүү принциптерин окуу программаларына интеграциялоо зарылдыгын баса белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар заманбап чакырыктарга жооп берген билим берүү мейкиндигин түзүү үчүн кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар