“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ ЭЛ АРАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ФОРУМУНА КАТЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

27 Ноябрь 2023 ж. 18:38

Көрүлдү: 572

“Жылдын мыкты мугалими – 2023” республикалык сынагынын жеңүүчүсү Эльнура Алекова 25-27-ноябрда Чечен мамлекеттик педагогикалык университетинде өткөн Орусия жана КМШ өлкөлөрүнүн жыл мугалимдеринин педагогикалык чеберчилик эл аралык билим берүү форумуна катышып келди.

post.title

Форумга Россия, Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Белоруссия өлкөлөрүнүн педагогикалык чеберчилик боюнча улуттук сынактарынын лауреаттары жана жеңүүчүлөрү катышты.

Форумда ар бир өлкөнүн мыкты мугалимдери өзүнүн автордук методикаларын жана педагогикалык тажрыйбаларын сунуштап, мастер-класстарды өтүштү. Ошондой эле  форумдун алкагында келечектеги жана ишке ашырылып жаткан педагогикалык ишмердүүлүктүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Эльнура Алекова Ош шаарындагы № 37 Гапар Айтиев атындагы орто мектепте англис тил мугалими болуп эмгектенет.

Белгилей кетсек, аталган форум Орусия Федерациясынын Агартуу министрлигинин колдоосу менен уюштурулган.

https://chechnyainfo.com/v-chgpu-proshel-obrazovatelnyy-forum-pedagogicheskih-masterskih-uchiteley-goda-rossii-i-stran-sng.html

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар