№94    КЕСИПТИК    ЛИЦЕЙДЕ   IT ТАРМАГЫ БОЮНЧА ОКУУ БОРБОРЛОРУ АЧЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

27 Ноябрь 2023 ж. 14:37

Көрүлдү: 371

Бишкек шаарындагы №94 кесиптик лицейинде эки компьютердик кабинеттен турган IT тармагы боюнча окуу борбору жана заманбап турмуш-тиричилик техникалары менен жабдылган “Акылдуу үй” окуу борбору ачылды.

post.title

Окуу борборлору Kорей эл аралык кызматташтык агенттиги (KOIСА) менен кызматташуунун алкагында жабдылган.

Иш-чарага KOIСAнын, Билим берүү жана илим министрлигинин, Республикалык илимий-усулдук борбордун өкүлдөрү, айрым өнөктөштөр жана кесиптик лицейлердин директорлору катышышты.  

Иш-чаранын жүрүшүндө Kорей эл аралык кызматташтык агенттигинин ыктыярчылык программасы боюнча жүргүзүлүп жаткан эки тараптуу иштер тааныштырылды.

Кореялык ыктыярчылардын бири “Акылдуу үй” окуу борборундагы заманбап тиричилик техникаларын демонстрациялап көрсөтүп, турмуш-тиричилик техникаларын оңдоо боюнча слесарь-электриктер тайпасынын окуучулары менен бирдикте жасаган иштери менен тааныштырды.

Ошондой эле лицейдин бычмачы-тикмечи жана чач-тарач бөлүмдөрүндө окуган окуучулардын өз колдору менен даярдалган кийим жана чач жасалгалар көргөзмөсү болду.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар