ЭДИЛ БАЙСАЛОВ БИШКЕКТЕ ӨТҮП ЖАТКАН КМШ ӨЛКӨЛӨРҮНДӨГҮ МЕКТЕП ТАМАКТАНУУСУ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМДУ АЧТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

24 Ноябрь 2023 ж. 16:15

Көрүлдү: 2619

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин мектеп тамактануусу боюнча эл аралык форумуна катышты.

post.title

Минкаб Төрагасынын орун басары  белгилегендей, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин мектеп тамактануусу боюнча форуму алгач ирет өтүүдө, аны өткөрүү демилгеси Кыргыз Республикасынын Президентине таандык.

«Өсүп келе жаткан муунду ар тараптуу өнүктүрүү, саламаттыгын сактоо жана билим берүү маселеси Кыргыз Республикасынын жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген мамлекеттердин мамлекеттик саясатында артыкчылыктуу багыттардан болуп саналат», - деди Эдил Байсалов.



Ал ошондой эле өлкөнүн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү жакшыргандыгына токтолуп, акыркы үч жылда өлкө мамлекеттик бюджетти жогорулатууда олуттуу ийгиликтерге жетишкенин, бул адам капиталына, атап айтканда, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагын колдоого мамлекеттик инвестицияларды бир канча эсеге жогорулатууга мүмкүндүк бергендигин билдирди.

«Мектептеги тамактандыруу маселеси өсүп жаткан организмди азыктандыруучу заттар менен камсыз кылуу менен гана чектелбейт. Ошондой эле ал көптөгөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, айыл чарбасын мамлекеттик колдоого алуу жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүнүн натыйжалуу куралы болуп саналат. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын жетекчилиги мектептеги тамактандыруу маселесин социалдык милдет катары гана эмес, инвестициялоонун жана экономикалык өсүштү стимулдаштыруунун маанилүү фактору катары карайт”, - деп жыйынтыктады Эдил Байсалов.

Эдил Байсалов Россия Федерациясынын каржылык колдоосу менен республиканын аймактарында мектеп окуучуларынын тамактануусун кеңейтүүнү колдоо боюнча долбоорду ишке ашырып жаткан БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасына ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар