НМУнун АГРАРДЫК ТЕХНИКАЛЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНЕ ПРЕСС-ТУР УЮШТУРУЛДУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

22 Ноябрь 2023 ж. 15:29

Көрүлдү: 520

Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору боюнча уюштурулган пресс-тур бүгүн, 22-ноябрда Нарын шаарындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык техникалык-экономикалык колледжинде жыйынтыкталды.

post.title

Долбоордун алкагында колледжде жасалган иштер менен таанышуу боюнча пресс-турга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Алар колледждин продукция өндүрүүгө багытталган жана жергиликтүү калкка тейлөө көрсөтүүчү окуу-өндүрүштүк комплекстин иши менен таанышты. Бул окуу-өндүрүштүк комплекс Нарын облусу боюнча Агрардык техникалык-экономикалык колледжинде гана бар.

Колледж заманбап лабораториялар, компьютердик класстар, китепкана, спорттук зал, техникалык жабдуулар менен жабдылган. Ошондой эле анда 2019-жылы “Алдыңкы тажрыйба борбору” түзүлгөн.

Белгилей кетсек, “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун ишинин жыйынтыктыры боюнча пресс-тур 14-15-16-ноябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, 21-22-ноябрда Ысык-Көл, Нарын облустарында уюштурулду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар