БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МААЛЫМДАЙТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

21 Ноябрь 2023 ж. 17:25

Көрүлдү: 704

Билим берүү жана илим министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматовага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 85 жылдык мааракесине карата билим берүү жана илим тармагына кошкон салымы жана көрсөткөн колдоосу үчүн бергендигин билдирет.

post.title

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктары жөнүндө Жобо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 23-майындагы №948/1 буйругу менен бекитилген.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктары билим берүү жана илим системасынын кызматкерлерин сыйлоонун формасы, алардын кесиптик, илимий-теориялык деңгээлинин өсүшүнө дем берүүнүн, чыгармачылык демилгени өнүктүрүүнүн таасирдүү каражаты болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктары:

  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы;
  •  “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси;
  • “Илимдин мыктысы” төш белгиси;
  • “Кызматташтык салымы үчүн” медалы.

Сыйлоо төмөнкү даталарга карата жүргүзүлөт:

  • Акыркы коңгуроо (25-май);
  • Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата (5-октябрь);
  • Илим күнүнө карата (10-ноябрь);
  • Билим берүү мекемелеринин мааракелерине карата.

10-п. Өзгөчө учурларда сыйлыкка көрсөтүү тартиби.

Сыйлыктар боюнча ведомстволук комиссия талапкердин педагогикалык стажы жетишпеген, сыйлыктарды тапшыруунун аралыгындагы үч жылдык мөөнөт сакталбаган же КР Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы жок болгон өзгөчө учурларда сыйлык берүүгө укуктуу.

Төмөнкү жарандар үчүн өзгөчөлөнүшү мүмкүн:

  • Республикалык “Жыл мугалими” сынагынын жеңүүчүсү;
  • Мугалимдер арасындагы республикалык жана эл аралык сынактарда 1-2-3-орунду алгандар;
  • Окуучусу республикалык жана эл аралык олимпиадалардын жана Азия оюндарынын жеңүүчүсү болгон мугалимдер;
  • Республикалык же көз карандысыз рейтингдерде биринчи орундун ээлери;
  • башка адистиктер боюнча билим берүү тармагында иштеген адам жана бул тармакты өнүктүрүүдө, анын материалдык-техникалык базасын жакшыртууда жана айрым учурларда жетекчиликтин уруксаты менен жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен чет өлкөлүк жаран.

Жобо министрликтин сайтына жайгаштырылган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар