ПРОФИЛАКТИКАЛЫК ИШТЕГИ НАТЫЙЖАЛУУ БАЙЛАНЫШ ТАЛКУУЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

21 Ноябрь 2023 ж. 11:05

Көрүлдү: 575

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева 16-17-ноябрда Астана шаарында өткөрүлгөн “Адамдын папиллома вирусуна (АПВ) каршы эмдөөгө жалпынын жеткиликтүүлүгү, натыйжалуу коммуникация жана калк менен иш алып баруу аркылуу жатын моюнчасынын рагын токтотуу” темасындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.

post.title

Австралия, Сингапур, АКШ, Таиланд, Түштүк Корея, Жапония, Борбордук Азия өлкөлөрүнөн келген катышуучулар жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү жатын моюнчасынын рагын алдын алуу, адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөө, коомчулукту тартуу жана тобокелчиликтер жөнүндө маалымдоо стратегиясын талкуулашты.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2022-жылы адамды папиллома вирусуна (АПВ) каршы эмдөөнү киргизген.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар