Б. Купешев: “Мектеп директорлорунун маянасы 50 пайызга көбөйөт”

Автор: Борбордук аппарат

17 Ноябрь 2021 ж. 18:28

Көрүлдү: 1228

“Мектептин отуз жылдап жыйылган көйгөйлөрүн чечүүгө биргелешип күч жумшайлы”, – деди министр Б. Купешев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы мектеп директорлору менен болгон жолугушууда.

post.title

Министр облустун ар бир районуна барып, мектеп директорлору менен көзмө-көз жолугушуп, мектептердин көптөн бери чечилбей келаткан көйгөйлүү маселелерин угуп кайтууда.

Бул жолу деле Аламүдүн райондук билим берүү уюмдарынын өкүлдөрүнүн “арманы” башка райондордукунан көп деле айырмаланган жок. Жетекчилер чү дегенде эле мектеп имараттары тартыш болуп жатканын айтышты.

Чындыгында эле борбор калаанын боорундагы айылдарда ички миграциянын эсебинен балдардын саны жыл сайын көбөйүп, көпчүлүк мектептер бир нече нөөмөттө окуганга аргасыз болуп келишет. Алсак, Төмөнкү Ала-Арчадагы мектеп райондогу эң чоң мектептердин бири, анда окуучулардын саны үч миңге жетет. 2019-жылы 375 орундук кошумча имараты курула баштап, азыр токтоп турат.

Мраморное айылынын окуучуларында да ушуга окшош абал, бул айылдагы мектепке үч айылдын балдары келип окушат. Мектептен тышкары, бала бакчаларда, Балдардын чыгармачыл борборлорунда да имарат, компьютер жана башка керектүү жабдыктар жетишсиз. Балдардын чыгармачыл борборунда музыкалык аспаптар жок. Бала бакчаларда бөбөктөрдүн ден соолугуна кам көрүүчү медперсоналдарга төлөнчү айлык акылары эң төмөн болгондуктан, кадрлар барып иштөөгө кызыкдар эмес. Мектеп директорлорунун айткандары негизинен ушул маселелердин айланасында болду.

Чүй облусунун эле эмес, республикадагы билим берүү мекемелеринде орун алган көйгөйлөр дээрлик окшош болгондуктан, Б. Купешев сөзүн жалпылап, төмөнкүлөргө токтолду. “Баарыбыз бир аянтчага чогулуп, ийри отуруп, түз кеңешип, болгон маселелерди биргелешип чечели. Мен сиздер менен жолугушуп, жеринде таанышуу максатында ар бир районду кыдырып жүрөм. Биздин эң негизги милдетибиз – балдарга сапаттуу билим жана адептүү тарбия берүү, андыктан башка нерселер менен алагды болбойлу. Эгерде мурда ар жылы шайлоо өнөктүгүнүн түйшүгү бүтүндөй мектепке жүктөлүп келсе, азыр президенттин жарлыгы менен ал милдеттен кутулдуңуздар. Мен да бүгүнкү мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, шайлоо өнөктүгүнөн алыс болууну эсиңиздерге сала кетким келет”, – деди ал.

Ошондой эле Купешев министрлик кызматка дайындалгандан берки байкоолору менен да бөлүшө кетти. “Мен ушул тармакка кайтып келгенден кийин бала бакча, мектеп, жогорку окуу жайлар өзүнчө иштеп, өзүнчө жан багып калганын байкадым. Билим берүү түзүмү бир чынжырга чырмалышкан звено экени эсибизден чыгып кеткендей сезилди. Биз бардык түзүмдөрдү бириктиргенге аракет кылдык”, – деди министр.

Б. Купешев маалымат катары 2022-2023-окуу жылына карата бардык мектептер компьютер менен камсыздаларын, азыркы учурда мазмуну, сапаты шайкеш келген окуу китептерин басып чыгаруу иши илгерилеп жатканын билдирди. “Сапаттуу окуу китептерин, методикаларды, колдонмолорду даярдоого түздөн-түз тиешеси бар ведомстволук уюмдар менен жакындан иштешип жатабыз. Азыр тиешелүү жетекчилер концепцияларды иштеп чыгып, ошонун алкагында иш алып барууга даярданып жатышат.

Мындан тышкары, мектептердин эмеректерин четинен жаңырта баштайбыз, себеби бул да көптөн бери чечилбей келаткан маселелердин бири. Кудай кааласа, кийинки жылдан тарта мугалимдердин эмгек акысы жогорулайт. Мектеп директорлорунун маяналары адегенде элүү пайызга көтөрүлүп, анан убак-убагы менен акырындап кошулуп отурат. Ал эми мугалимдердин маянасын жогорулатуу үчүн мурдагы баалоо процессине кайрылып жатабыз. Мисалы, мугалимдерди аттестациялоо, эмгек стажына, категорияларына жараша баалоо аркылуу кошумча төлөмдөрдү кайра калыбына келтирсек, мугалимдердин маянасы жакшы эле көтөрүлүп калат деген ойдобуз”, – деди министр.

Ошону менен бирге ал мугалимдердин статусун жогорулатууга, коомдогу аброюн арттырууга жалпылап киришпесе болбой турганын, себеби мугалимдердин өмүрү башкалардын балдарын тарбиялоо менен өтөрүн белгиледи.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар