ОШТО “АЙТМАТОВ БАЛДАР ДҮЙНӨСҮНДӨ” АТТУУ ТЕАТРАЛДЫК ФЕСТИВАЛЬ-СЫНАГЫНЫН ОБЛУСТУК ТУРУ ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

20 Ноябрь 2023 ж. 11:09

Көрүлдү: 654

Ош билим берүү институтунда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган республикалык “Айтматов балдар дүйнөсүндө” аттуу театралдык фестиваль-сынагынын облустук баскычы өткөрүлдү.

post.title

Сынакта Чоң-Алай районундагы Ак-Суу орто мектебинин Театр-Форум театралдык студиясы Ч.Айтматовдун Кассандра тамгасы чыгармасынын негизиндеги Үмүт спектакли менен баш байгени багындырып, республикалык турга жолдомо алды.

Ошондой эле алдыңкы орундарга ээ болгон театралдык студиялар:

I орун – Алай районундагы №17 Кызыл-Алай орто мектебинин “Жаш талант” театралдык студиясы “Биринчи мугалим” чыгармасынын негизиндеги “Кош теректер” спектакли;

II орун – Араван районундагы № А. Навои атындагы орто мектебинин “Бүчүр” театралдык студиясы “Ак кеме” чыгармасынын негизиндеги “Жомоктон кийин” спектакли;

III орун – Кара-Кулжа районундагы Ж. Акматалиев атындагы орто мектебинин “Театр-Форум” театралдык студиясы “Биринчи мугалим” чыгармасынын негизиндеги спектакли.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар