БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МААЛЫМДАЙТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

17 Ноябрь 2023 ж. 17:12

Көрүлдү: 957

Билим берүү жана илим министрлиги Каракол шаарындагы №11 гимназия мектебинин 8-10-класстарынын окуучу кыздарынын мушташы боюнча Каракол шаардык билим берүү бөлүмү берген маалыматтын негизинде төмөндөгүлөрдү билдирет.

post.title

Окуучу кыздардын мушташы болжолдуу 2023-жылдын 20-октябрында болгон. Мектепке бул тууралуу маалымат 16-ноябрда түшкөн.

Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык окуучу кыздар самбо боюнча кошумча ийримге барышат. Машыгуулар учурунда кыздар түртүшө кетип, өз ара келишпестиктер келип чыккан. Мындан улам кыздар жолугуп, самбодо ким күчтүү экендигин далилдемек болушкан.

Бул окуяга байланыштуу окуучу кыздарга алардын ата-энелери менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан сырткары соцпедагогдор, класс жетекчилер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, тренерлер тарабынан тиешелүү иш-аракеттер жасалууда. Учурда кыздардын ортосунда келишпестиктер жок.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар