ЖУРНАЛИСТТЕР ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНИН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

16 Ноябрь 2023 ж. 18:49

Көрүлдү: 769

“Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору боюнча пресс-турдун үчүнчү күнү Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжинде уюштурулду.

post.title

ЖМК өкүлдөрү колледждин Алдыңкы тажрыйба борборунда жана окуу-өндүрүштүк комплексинде болушту.

Алдыңкы тажрыйба борборунда Жалал-Абад облусундагы колледждердин жана кесиптик лицейлердин квалификациясын жогорулатуу курстары өткөрүлөт, окуу-өндүрүштүк комплексинде студенттер автомобилдерди оңдоо жана ветеринария боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болушат.

“Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун менеджери Нурлан Атаканов жана колледждин директору Бариса Турдубаева колледжди реконструкциялоо, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген студенттер үчүн окуу жайдагы шарттар, жумуш ордунда окуу, колледждин иш берүүчүлөр менен өнөктөштүгү тууралуу айтып беришти. Ошондой эле журналисттер окуу-өндүрүштүк комплексте мүмкүнчүлүгү чектелген студенттер үчүн компьютердик класста билим алып жаткан студенттерди да көрө алышты.

“Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар