2024-ЖЫЛЫ КЫРГЫЗСТАН КМШга МҮЧӨ-МАМЛЕКЕТТЕРДИН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫК КЕҢЕШИНЕ ТӨРАГАЛЫК КЫЛАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

16 Ноябрь 2023 ж. 16:57

Көрүлдү: 696

2023-жылдын 15-ноябрында Минск шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө-мамлекеттердин билим берүү тармагындагы кызматташтык боюнча кеңешинин жыйыны аяктады.

post.title

Жолугушууда билим берүү программаларын өнүктүрүү, илимий-изилдөө жана маданий байланыштарды чыңдоо, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселелери талкууланды.

Жыйындын ишине Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Супаналиев катышты.

Бекжан Султаналиев биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгиледи.

Беларусь Республикасына 2023-жылы ийгиликтүү төрагалык кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз жана 2024-жылы Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында жемиштүү кызматташууну улантууга ишеним билдиребиз, - деди ал.

Кеңешме 2024-жылы төрагалыкты Кыргыз Республикасына өткөрүп берүү менен аяктады.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар