ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ КЫЗЫКЧЫЛЫГЫНДА БИЛИМ БЕРҮҮНҮН АЛКАКТЫК ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА ӨЛКӨЛҮК ДЕМИЛГЕНИН ДОЛБООРУ ТАЛКУУЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

15 Ноябрь 2023 ж. 17:06

Көрүлдү: 573

15-ноябрда 2030-жылга чейин “Туруктуу өнүгүү кызыкчылыгында билим берүү” алкактык программасы боюнча өлкөлүк демилгени иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жолугушуусу өткөрүлдү.

post.title

Жумушчу топтун курамына билим берүү тармагынын, мамлекеттик, жарандык жана эл аралык секторлордун өкүлдөрү кирген.

Жолугушуунун катышуучулары өлкөлүк демилгенин долбоорун талкуулашты.

Эскерте кетсек, 27-октябрда 2030-жылга чейин “Туруктуу өнүгүү кызыкчылыгында билим берүү” алкактык программасы боюнча өлкөлүк демилгени иштеп чыгуу боюнча Улуттук семинар өткөрүлгөн. Өлкөлүк демилге Кыргыз Республикасында ТӨМ 4 “Сапаттуу билим берүүнү” ишке ашырууга: ар тараптуу жана адилеттүү, сапаттуу билим берүүнү камсыздоо жана бардыгы үчүн өмүр бою билим алуу мүмкүнчүлүгүн түзүүгө багытталган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар