КЫЗЫЛ-КЫЯНЫН КЕСИПТИК ОКУУ ЖАЙЛАРЫНДАГЫ ДОЛБООРДУН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЖУРНАЛИСТТЕРГЕ КӨРСӨТҮЛДҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

15 Ноябрь 2023 ж. 16:26

Көрүлдү: 609

Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору боюнча пресс-тур уланууда.

post.title

Пресс-турдун экинчи күнү Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык инновация жана экономика колледжинде жана №70 кесиптик лицейинде уюштурулуп, долбоордун алкагында жасалып жаткан иштердин жыйынтыктары боюнча ЖМК өкүлдөрүнө маалыматтар берилди.

Мындан сырткары ЖМК өкүлдөрү колледждин алдындагы Алдыңкы тажрыйба борборунда студенттердин колунан жаралган табигый органикалык азыктарды, таттууларды, тигүү ишмердүүлүгү боюнча көргөзмөлөргө күбө болуп, студенттик стартаптар жөнүндө маалымат алышты.

Ошондой эле пресс-турдун катышуучулары колледж тарабынан 15 жумушсуз жаранга уюштурулган “Санариптик технологияларды колдонуу” курсунун бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттарды тапшыруу аземине күбө болушту.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар