МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ РАСУЛ АБАЗБЕК УУЛУ БИРИККЕН АРАБ ЭМИРАТТАРЫНЫН ГУМАНИТАРДЫК ФОНДУНУН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

14 Ноябрь 2023 ж. 15:05

Көрүлдү: 2439

13-ноябрда Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу Бириккен Араб Эмираттарынын “Заед Бин Султан Аль-Нахаян” гуманитардык фондунун өкүлдөрү менен жолугушту.

post.title

2019-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен “Заед Бин Султан Аль-Нахаян” гуманитардык фондунун ортосунда Токмок шаарында Ислам академиясын куруу жөнүндө келишимге кол коюлуп, 2021-жылы курулушу башталган. Ошондой эле фонд академиянын инженердик иштерине кошумча каржылоону колдоого алган.

Жолугушууда “Заед Бин Султан Аль Нахайян” гуманитардык фондунун өкүлдөрү академиянын курулушу эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү башка долбоорлорго түрткү болорун белгилешти.

Расул Абазбек уулу Кыргыз Республикасында Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөтү тарабынан иштелип чыккан реформалоо механизминин “Өкмөттүк акселераторлор” программасын ишке ашыруунун оң натыйжаларын белгиледи. Жолугушуудан тышкары делегация академия жайгашкан жерге барып, иштин жүрүшү менен таанышты. Анда делегация объектти пайдаланууга берүү үчүн зарыл болгон маселелер менен таанышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар