МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ УЛАНБЕК УСЕКОВ ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК КЫЗМАТТАШУУ БОЮНЧА ВЕДОМСТВОЛОР АРАЛЫК КОМИССИЯНЫН ЖЫЙЫНЫНА КАТЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

10 Ноябрь 2023 ж. 19:31

Көрүлдү: 2230

Чунцин шаарында илимий-техникалык кызматташтык боюнча кытай-кыргыз ведомстволор аралык комиссиясынын биринчи отуруму өткөрүлдү.

post.title

Отурумга Кыргыз республикасынын Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Усеков Уланбек баштаган курам катышты.

Кытай тараптан Кытай Эл Республикасынын Илим жана технология министринин орун басары Чжан Гуанцзюнь баштаган өкүлдөр катышты.

Жыйындын жүрүшүндө төрт багыт боюнча докладдар жана педагогика тармагындагы мобилдүүлүктү калыбына келтирүү, биргелешкен окутуу жана маалыматтык технологияларды даярдоо боюнча сунуштар берилди.

Жыйындын соңунда эки өлкөнүн министрликтери келишимдерге кол коюшту.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар