ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: " ЖАКЫРЧЫЛЫККА КАРШЫ КҮРӨШТҮН БИРИНЧИ ЖАНА НЕГИЗГИ РЕСУРСУ БИЛИМ БЕРҮҮ БОЛУП САНАЛАТ"

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

3 Ноябрь 2023 ж. 17:54

Көрүлдү: 1265

3-ноябрда Бишкекте Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында өтүп жаткан “Улуттук өнүгүү форуму-2023: “Жакырчылык жана теңсиздик” форуму өткөрүлдү. Форумда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева “Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жакырчылыкка каршы күрөштүн ресурсу катары” темасында баяндама жасады.

post.title

Адамдык капиталга – балдарга – инвестиция салуу өзгөчө мааниге ээ экендигин белгиледи Догдуркүл Кендирбаева.

Анын айтымында, 2023-жылы республикалык бюджеттин 17% билим берүү тармагына багытталып, каржылоонун көлөмү 60,9 миллиард сомго чейин өскөн.

Министр мектепке чейинки билим берүү жана эрте өнүктүрүү кызматтарын алууда теңсиздикти жоюу, балдардын ден соолугун жана коопсуздугун камсыз кылуу, мектептик функционалдык сабаттуулукту, ата-энелердин ишенимин жана маалымдуулугун жогорулатуу, алар менен иштөөнү, өнөктөштүк жана кызматташтыкты күчөтүү катары министрликтин артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.

“Балдарыбыздын, жаштарыбыздын, чоңдорубуздун сапаттуу билим алуусуна бардык шарттар түзүлүп, эл “жакырчылык” деген сөздү унутушу үчүн баардыгыбыз биргелешип диалогду улантышыбыз керек. Ар бирибиз - өзгөрүүнүн агентибиз!”, - деп айтты Догдуркүл Кендирбаева.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар