МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНДА БАЛДАРДЫН ТАМАКТАНУУСУН УЮШТУРУУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРМӨ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

2 Ноябрь 2023 ж. 11:31

Көрүлдү: 1898

2023-жылдын 11-августунда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 28-беренесинин 4-пунктунда тамактанууну каржылоо булактары болуп:

post.title

 

1) республикалык бюджеттин каражаттары;

2) жергиликтүү бюджеттин каражаттары;

3) жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу салган каражаттары;

4) ата энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттары;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар көрсөтүлгөн.

Ал эми, 6-пунктунда “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат” деп көрсөтүлгөн.

Ушул эле мыйзамдын  64-беренесинде  мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды расмий жарыяланган күндөн тартып, календардык бир жыл ичинде ушул Мыйзамга ылайык келтирүү көрсөтүлгөн.

Ошондуктан “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 28-беренеси мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылар кабыл алынгандан кийин ишке ашырылат.

Учурда, Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 12-февралындагы   № УП-48 Жарлыгына ылайык, ведомстволук баш ийгендигине жана менчигинин түрүнө, ата-энесинин иштеген (окуган) жерине карабастан, бала бакчага баланын бир жолу баруусу үчүн суткадагы тамак-аштын иш жүзүндөгү наркынын 50 пайыз өлчөмүндө төлөмү белгиленген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы №7 “Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-ашка чыгымдардын акчалай
нормалары”
токтомунда - балдар яслилеринде жана бакчаларда үч жашка чейин 9-10 саат болуучуларга - 13 сом, үчтөн жети жашка чейин 9-10,5 саат болуучуларга 18 сом каралган.

Бирок, бул талап бардык бала бакчаларда сакталбайт.

Суткалык нормаларын тең салмактоо жана толук кандуу тамак-аш менен камсыз кылуу максатында жана учурдагы инфляцияга байланыштуу мамлекет тарабынан бөлүнгөн 18 сом өлчөмүндөгү акча каражаты бала бакчаларда рационалдуу жана балансталган тамактануусунун талабына жооп бербегендигине байланыштуу республиканын аймактарында ата-энелерден ар кандай суммадагы акча каражаттары  сарпталууда.

Алсак:

Төлөмдөрдүн сакталышы

МЧББУ

Каржылоо

Бала бакчада тамак-аштын иш жүзүндөгү наркынын 50%  өлчөмүндө төлөмү боюнча норманын сакталышы

103

 

15 сомдон 18 сомго чейин

Бала бакчаларда тамак-аштын иш жүзүндөгү наркынын 50%  өлчөмүндө төлөмү боюнча норманын сакталбагандыгы жана үч-төрт эсе жогорулашы

1386

25 сомдон 100 сомго чейин

Бала бакчаларда тамак-аштын иш жүзүндөгү наркынын 50%  өлчөмүндө төлөмү боюнча норманын сакталбагандыгы жана көрсөткүчтөр 5 эсе жогорулашы

94

120 сом

Бишкек шаарын мисалга алсак,  факты жүзүндө Бишкек шаарында тамак ашка бир күндө 120 сом сарпталса, анын 60 сомун - ата-энелер, ал эми 60 сомун мэрия каржылайт. Башкача айтканда бир айда 60 сомдон 22 күнгө эсептесек, айына 1320 сомду бала бакчадагы ата-энелер төлөп жатат. Ал эми толук түрдө каржылоодо күнүнө 120 сом болсо, 22 күндө  2640 сомго туура келет.

Мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин каттоосунда турган калктын социалдык жактан аялуу катмарынын балдарына жергиликтүү бюджеттен каржылоо сунушталат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар