БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МААЛЫМДАЙТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

31 Октябрь 2023 ж. 18:32

Көрүлдү: 2031

Билим берүү жана илим министрлиги 2023-жылдын 30-октябрында Каракол шаарындагы №3 гимназия мектебинин 7-классынын каза болгон окуучусу тууралуу Каракол шаардык билим берүү бөлүмү берген маалыматка таянып төмөндөгүлөрдү билдирет:

post.title

Каракол шаарындагы №3 гимназия мектебинин 7-классынын окуучусу А.А. 30-октябрь күнү сабакка толук катышып, саат 17.50дө сабактан чыгып кеткен жана үйүнө барган эмес. Ал мектепте жакшы окуган окуучулардын катарында болгон.

Класс жетекчисине окуучунун апасы саат 18:35те билдирген, ошол учурдан тартып класс жетекчиси, ата-энелер, окуучулар, мектеп администрациясы топторго бѳлүнү, издѳѳ иштерин баштаган. Ошол эле убакта милиция кызматкерлерине кабарлашып, алар дагы издөө ишине катышышкан. Ошол эле күнү саат 22:35те баланын жансыз денеси табылган. 

31-октябрь күнү эртең менен баланын телефону табылган, анда анын видео кайрылуусу болгон. 

Аталган факт Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда тийиштүү иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар