Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
31 Октябрь 2023 ж. 18:19
Көрүлдү: 874
Бүгүн, 31-октябрда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Оливье Бангертер менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар алдыда пландалып жаткан билим берүү жаатындагы долбоорлорду анын ичинде дуалдык билим берүүнү талкуулашты.
Оливье Бангертер элчиликтин демилгеси менен дуалдык билим берүү системасы боюнча долбоор даярдалып жатканын жана тыгыз кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.