ӨЛКӨДӨ БАЛДАРДЫ ЭРТЕ КУРАКТА ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ДОЛБООР СТАРТ АЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

30 Октябрь 2023 ж. 17:43

Көрүлдү: 2862

Бүгүн, 30-октябрда Кыргызстанда Балдарга кам көрүү аркылуу аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган “WE CARE” долбоору старт алды.

post.title

Долбоордун расмий ачылышына Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, АКШнын  Кыргыз Республикасындагы элчиси Элчи Лессли Вигери, Кыргыз Республикасындагы Ага Хан Фондунун башкы директору Давлатсултон Доргабекова катышты.

Иш-чаранын ачылышында министр Догдуркүл Кендирбаева долбоордун Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүдө маанилүүлүгүн белгиледи.

“Билим берүү жана илим министрлиги менчигинин түрүнө карабастан балдардын эрте өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган ар бир демилгени кубаттайт жана колдойт. Анткени баланы эрте өнүктүрүү – приоритеттүү, өтө маанилүү милдет”, - деди Догдуркүл Кендирбаева.

Долбоор келерки үч жылда ишке ашырылат жана балдардын эрте өнүгүүсүнө көмөктөшүүгө жана ушул тармакта кызматтарды жакшыртууга жана Кыргыз Республикасындагы ишкер аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө салым кошот.

WE CARE долбоору Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги менен Ага Хан фондусунун кызматташуусунун негизинде ишке ашырылат. Кийинки үч жылдын ичинде долбоор 100дөн ашык балдарды эрте куракта өнүктүрүү мекемелерине жардам көрсөтөт жана 700дөн ашык мугалимдерди жана тарбиячыларды окутат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар