JICA УЮМУНУН “ЖАШ ЛИДЕРЛЕР” ПРОГРАММАСЫНЫН АЛКАГЫНДА БИЛИМ БЕРҮҮНҮН КӨЙГӨЙЛӨРҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

30 Октябрь 2023 ж. 15:18

Көрүлдү: 424

13-25- октябрда JICA уюму тарабынан уюштурулган «Улуттук жана аймактык өнүктүрүү саясаты» кыска мөөнөттүү курсу Жапониянын Ишикава префектурасынын Канадзава шаарында өттү.

post.title

JICA уюмунун эки апталык ”Жаш лидерлер” программасынын алкагында мектептеги билим берүү, башталгыч жана орто билим берүү жаатындагы маселелер, андагы орун алган көйгөйлөр тууралуу презентациялар, кызыктуу талкууларга алыскы жана жакынкы чет мамлекеттердин өкүлдөрү катышты.

Курстун катышуучулары үчүн өз өлкөсүндөгү билим берүү системасы, айрыкча мектептеги билим берүү тутуму тууралуу маалыматтарды кеңири бөлүшүүгө шарт түзүлдү. Иш-чара англис тилинде өтүп, тармактагы жаш адистерди бир жерге чогултуу максатында жер-жерлерде тандоо жүргүзүлгөн.

”Жаш лидерлер” программасынын алкагында Кыргызстандан өкүл катары КР Билим берүү жана илим министрлигинин Эл аралык кызматташуу жана инвестициялар бөлүмүнүн башкы адиси Нуржигит Мырзабеков, Кыргыз билим берүү академиясынын адиси Альбина Талантбекова жана Нарын мамлекеттик университетинин кызматкери Гүлнура Тукешова катышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар