МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ЖЕТИ-ӨГҮЗ РАЙОНУНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНА БАРДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

29 Октябрь 2023 ж. 20:24

Көрүлдү: 697

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 28-29-октябрь күндөрү Жети-Өгүз районундагы кошумча окуу имаратына, жаңы балдар бакчасына жана мектепке муктаж авариялык абалдагы билим берүү уюмдарын кыдырды.

post.title

Тагыраагы, министр Жети-Өгүз районунун Чоң-Кызыл-Суу айылындагы Ж.Байболотов атындагы мектебинин жана "Умай эне" балдар бакчасынын, Оргочор айылындагы М.Тынаев атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин, Ак-Кочкор айылындагы О.Эсенканов атындагы негизги билим берүү мектебинин, Кызыл-Суу айылындагы Э.Гапаров атындагы жалпы билим берүү мектебинин жана ушул эле айылдагы "Арча", "Наристе" мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын абалы менен таанышып, кыш мезгилине даярдыктарын көрүп, айрым маселелерди чечүү жолдорун карады.

Буга кошумча министр Догдуркүл Кендирбаева мугалимдерди ата-энелер менен тыгыз иш алып барууга чакырды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар