Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
26 Октябрь 2023 ж. 18:31
Көрүлдү: 922
Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин “Дизайн” кафедрасынын улук окутуучусу Кимия Төрөгелдиева жана Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин эл аралык байланыштар боюнча проректору Аида Балтабаева Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде “Курак күүсү – дуэт” кол өнөрчүлүк көргөзмөсүн тартуулашты.
Көргөзмөгө түркүн түстүү паннолор, курак техникасында жасалган буюмдар, туш кийиздер коюлган.
“Курак – мен үчүн музыка сыяктуу. Бардык элементтердин туура айкалышы ырдагыңды келтирген музыкалык кайрыктардай. Бул көргөзмө – биздин курак ырын жаратуудагы биргелешкен ишибиздин натыйжасы”, - деди Аида Балтабаева.
Көргөзмөнү 2023-жылдын 9-ноябрына чейин көрүүгө болот.