КОНКУРСТУК ТАНДООНУ ӨТКӨРҮҮ ЖӨНҮНДӨ КУЛАКТАНДЫРУУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

24 Октябрь 2023 ж. 17:46

Көрүлдү: 699

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомуна ылайык, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик билим берүүчү уюмдарынын директорунун ваканттык бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрүү жөнүндө тиркемеге ылайык (тизме тиркелет) ачык сынак жарыялайт.

post.title

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч жана орто кесиптик билим берүүчү уюмдарынын жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлерге квалификациялык талаптар:

  1. жогорку кесиптик билиминин болушу;
  2. билим берүү чөйрөсүндө же окуу жайдын профили боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
  3. Кыргыз Республикасынын жарандыгы;

Сынактык тандоого катышуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:

  1. Өздүк арыз;
  2. Жарандык паспорттун көчүрмөсү;
  3. Кадрларды эсепке алуу бобюнча толтурулган өздүк баракча (иш жүзүндө жашаган жеринин дареги жана телефондорун көрсөтүү менен);
  4. Резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен), өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);
  5. Белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө документтин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
  6. Белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарапбынан);
  7. Кыргыз Республикасынын ИИМ тарабынан берилген соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
  8. 3*4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт;
  9. Белгиленген окуу жайды өнүктүрүү боюнча перспективалык иш планы.
  10. Дело №.

Документтерди кабыл алуу башталган күн: 24-октябрь 2023-жыл.

Документтерди кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 2023-жылдын 9-ноябры саат 18.00 го чейин.

Документтерди кабыл алуу төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт: Бишкек ш., К. Тыныстанов көч., 257.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, каб. 101.

Сурап-билүү WhatsApp номери аркылуу: 0703 13 70 77, 0707 94 94 55. 

Толугураак - https://edu.gov.kg/announcements/309/

Тиркеме

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар