БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ № 103 МЕКТЕПТЕ УЛУУ АКЫН НИЗАМИ ГЯНДЖЕВИНИН БЮСТУ АЧЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

24 Октябрь 2023 ж. 17:35

Көрүлдү: 472

23-октябрда Бишкек шаарындагы №103 Низами Гянджеви атындагы мектепте азербайжан акынынын бюстун салтанаттуу ачуу аземи болуп өттү.

post.title

Майрамдык салтанатка Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Медеткан Шеримкулов, Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков, Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Латиф Гандилов, Билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Супаналиев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев катышты.

Министрдин орун басары Бекжан Супаналиев №103 мектептин ачылыш аземи эки боордош мамлекеттин президенттеринин катышуусунда болгондугун эске салып, окуучуларга төмөнкүдөй кайрылды: «Атыңарды сыймык менен алып жүрүп, окууда алдыңкы орундарды багындырууга умтулгула». Ал бул мектептин бүтүрүүчүлөрүнөн Низами Гянджевидей улуу инсандар чыгат деген ишенимин билдирди.
 

Мектеп окуучулары конокторго концерттик программа тартуулашты, анын ичинде Низами Гянджевинин азербайжан тилиндеги ырларын көркөм окуп беришти.
Белгилей кетсек, акын Абу Мухаммад Ильяс ибн Юсуф (1141-болжол менен 1209), анын каймана аты Низами Гянджеви болгон, «Лейли жана Мажнун», «Хосров жана Ширин», «Жети чүрөк», «Искандер наме» поэмаларынын жана башка бир катар лирикалык чыгармалардын автору.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар