«ДИЛГИР» АНСАМБЛИ ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫН БИЙ ИСКУССТВОСУ АРКЫЛУУ ТАРТУУЛАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

20 Октябрь 2023 ж. 17:37

Көрүлдү: 849

19-20-октябрда «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунда «Дилгир» элдик бий ансамбли “Айтматов бий мейкиндигинде” аттуу концертин тартуулады.

post.title

Концерт Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналып, анын дүйнөлүк адабияттын классикалык үлгүсү катары саналган чыгармаларын сактап, келечек муундарга кеңири жайылтууга багытталган.

Концерттик программада Ч.Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым”, “Саманчынын жолу”, “Ак кеме”, “Биринчи мугалим”, “Эрте келген турналар”, “Кызыл алма” чыгармалары боюнча бийлер коюлган.

Иш-чара “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аттуу үч айлыктын алкагында уюштурулду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар