НАРЫН ОБЛУСУНДАГЫ МУГАЛИМДЕР САНАРИПТИК ИНСТРУМЕНТТЕРДИ ҮЙРӨНҮҮДӨ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

20 Октябрь 2023 ж. 15:50

Көрүлдү: 1027

Нарын облусунда 120дан ашык мугалим «e-oku: мугалимдин санариптик куралдары» курсун онлайн форматта окуп жатышат.

post.title

Курстун программасы төрт модулдан турат: (1) Google кызматтары (2) PowerPoint аркылуу сабактын көрсөтмөлүүлүгү (визуализациясы), (3) Мугалимдердин санариптик куралдары, (4) Санариптик окутуу жана инновациялар. Курс электрондук форматта атайын иштелип чыккан e-oku.kg платформасында жеткиликтүү.

Тренингди ийгиликтүү аяктаган бардык катышуучулар сертификаттарга ээ болушат. Бардык тапшырмаларды аткарып, материалды өздөштүрүү үчүн жогорку упай топтогон эң активдүү катышуучулар Нарын шаарында өтө турган офлайн тренингге катышууга мүмкүнчүлүк алышат.

Пилоттук тренингдин максаты - жаңы курсту тестирлөө, аны өркүндөтүү үчүн мугалимдердин пикирлерин алуу жана мындан ары мугалимдердин дасыгын жогорулатуу программаларына киргизүү. Пилоттук курс аяктаган соң, ага катышкан мугалимдердин пикирлерин эске алуу менен жыйынтыкталат, мындан ары мугалимдерди даярдоо үчүн НМУнун Окуу борборуна жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча республикалык институтка өткөрүлүп берилет.

Курс «Таалим-Форум» коомдук фондунун жетектөөсү менен ишке ашырылып жаткан «Мектепте билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн аралыктан окутуу» изилдөө долбоорунун алкагында иштелип чыкты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар