№7, №14 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ЖАНА БИШКЕК АВТОЖОЛ КОЛЛЕДЖИНИН ДИРЕКТОРЛОРУ ДАЙЫНДАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

20 Октябрь 2023 ж. 11:47

Көрүлдү: 919

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева кесиптик лицейлердин жана колледждердин директорлорун дайындоо боюнча буйруктарга кол койду.

post.title

2023-жылдын 19-октябрындагы буйрукка ылайык, Бекишов Урмат Муканович – Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы К.Дюшеев атындагы №14 кесиптик лицейинин директору, Мамытов Нурсултан Нуралиевич - Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы №7 кесиптик лицейдин директору, Дөлөтов Майрамбек Маматжанович Кусейин Көлбаев атындагы Бишкек автожол техникумунун директору болуп дайындалды.

17-октябрда башталгыч жана орто кесиптик мамлекеттик билим берүү уюмунун жетекчисинин бош кызмат орундарына талапкерлерди компьютердик тестирлөө өткөн, ал эми 18-октябрда компьютердик тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн талапкерлер менен аңгемелешүү өткөрүлгөн.

Белгилей кетсек, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилери сынактын негизинде дайындалат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар