КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ДИРЕКТОРЛУК КЫЗМАТЫНА ТЕСТИРЛӨӨ УЛАНУУДА

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

20 Октябрь 2023 ж. 11:02

Көрүлдү: 800

Бүгүн, 20-октябрда, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде кесиптик лицейлердин директорлук кызматына тестирлөө уланууда.

post.title

Бүгүн тестирлөөгө жалпысынан 16 талапкер катышууда, 17-октябрда өткөн алгачкы тестирлөө жыйынтыгы боюнча 5 талапкер тестти ийгиликтүү тапшырган.

Тестке төмөнкү 4 багыттагы суроолор камтылган;

-    Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;

-    башкаруу менеджменти;

-    психология-педагогика;

-    адистиги боюнча.

Тесттин жыйынтыгы автоматтык түрдө дароо чыгат.

Башталгыч жана орто кесиптик мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчиси кызматына талапкерлерди тестирлөөдөн өткөрүүнү Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борбору уюштурууда.

Белгилей кетсек, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилери сынактын негизинде дайындалат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар