ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ӨЗГӨЧӨ ШЫКТУУ БАЛДАРДЫН «АКЫЛМАН» ПРЕЗИДЕНТТИК ЛИЦЕЙИНДЕ БОЛДУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

18 Октябрь 2023 ж. 17:27

Көрүлдү: 657

Кечээ, 17-октябрда, Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Ысык-Көл облусундагы өзгөчө шыктуу балдардын «Акылман» президенттик лицейинде болду.

post.title

Ал билим берүү мекемесинин иши менен таанышып, ошондой эле мектептин кышкы жылытуу мезгилине даярдыгын текшерди. Министр мугалимдер жана мектеп директору менен жолугушууда алдыга коюлган пландарды жана учурдагы актуалдуу маселелерди талкуулады.

Мындан тышкары, Догдуркүл Кендирбаева Ысык-Көл облусундагы Өрнөк орто мектебине күтүүсүз барды. Ал 4-класстардын орус тили жана математика сабагына катышып, окуучулардан сабактары, мектептеги тамактануу, кесип тандоосу тууралуу сурады. Догдуркул Шаршеевна директор менен болгон маекте мектептин жылытуу мезгилине даярдыгы тууралуу маалымат алды. Министр мектептеги санитардык нормалардын сакталышын жана окуучулардын тамактануусун уюштуруу иштерин көзөмөлдөдү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар