КАРАКОЛДОГУ МЕКТЕПТИН ИМАРАТЫНДА ОКУУЧУ КЫЗДАРГА ЧАКЫРЫК ЖАСАГАН ДУБАЛДАГЫ СҮРӨТ ПАЙДА БОЛДУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

18 Октябрь 2023 ж. 17:18

Көрүлдү: 672

Каракол шаарындагы №11 мектеп-гимназиясынын имаратында “Билимдүү кыз – асмандагы жылдыз” аттуу дубал сүрөтү пайда болду. Демилгечилер ушул ыкма менен кыздарды мыкты окууга жана сабаттуу болууга үндөө чечимине келишкен.

post.title

Сүрөттүн автору Вера Андрианованын айтымында, дубалда чагылдырылган сүрөттү ал Арслан Нарынбеков менен биргеликте 10 күндүн ичинде тартышкан.

"Билим - бул аялзаттын жашоосундагы ийгиликке карай жол. Бирок тилекке каршы, көп кыздар 11-классты аяктагандан кийин окуусун улантпай, жогорку окуу жайга тапшырбай жатышат. Көптөгөн үй-бүлөлөрдө кызы баары бир турмушка чыгаарын шылтоолоп, кыздардын билимине тийиштүү көңүл бурулбай келет. Бирок кыздардын ийгиликке жетүү жолдорунун бири - билим алуу. Андыктан кыздардын билим алуусуна баарыбыз жардам беришибиз керек», - деди ал.

Маалымат булагы: https://ik.turmush.kg/ru/news:2003584

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар