ЖОЖдор АБИТУРИЕНТТЕРДИ КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУГА ДАЯРДАНУУДА

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

18 Октябрь 2023 ж. 17:15

Көрүлдү: 851

2023-2024-окуу жылына Кыргыз Республикасынын бир катар жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу жарыяланды.

post.title

ЖРТнын жыйынтыгы боюнча абитуриенттер мамлекеттик жогорку окуу жайлардын ичинен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетин, Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетин, Жусуп Абдрахманов атындагы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын, Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетин, Ош мамлекеттик университетин, А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетин, Б.Садыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетин, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетин тандай алышат.

Абитуриенттер ЖРТсыз Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетине, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясына, Т.Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук көркөм сүрөт академиясына тапшыра алышат.

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу окуу акысын төлөө менен келишим (контракт) боюнча гана орундарга жүргүзүлөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар