КР ЖОЖдоруна КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУ БОЮНЧА ЖРТга КАТТОО БАШТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

18 Октябрь 2023 ж. 12:14

Көрүлдү: 2908

Бүгүн, 18-октябрда, “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттигинде Билим берүү жана илим министрлигинин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Асан кызы, Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева, Билим берүү жана окутуу усулдары борборунун тестирлөөнү уюштуруу иштери боюнча башкы адиси Мээрим Кадырова КР ЖОЖдоруна кышкы кабыл алуу үчүн Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо жана аны өткөрүү тартиби жөнүндө айтып беришти.

post.title

Жалпы республикалык тестке каттоо 2023-жылдын 17-октябрдан 27-октябрга чейин Билим берүү жана окутуу усулдары борборунун электрондук платформасында райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү аркылуу  онлайн жүргүзүлөт.

КР жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу окутуунун наркын төлөө келишими (контракт) боюнча гана абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу үчүн жүргүзүлөт.

Кышкы  кабыл алуу боюнча ЖРТга катышуу орто билимге же кесиптик орто билимге ээ адамдарга уруксат берилет. 2024-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө (мектептердин 11-класстарынын же техникумдардын, колледждердин бүтүрүүчү (акыркы) курстарынын окуучуларына, жогорку окуу жайлардын студенттерине) уруксат берилбейт.

Каттоодон өтүү үчүн керек болгон  документтер:

•        Паспорт (паспорт ала элек болсо, туулгандыгы тууралуу күбөлүк);

•        Орто билим  же кесиптик орто билим жөнүндөгү аттестат;

•        ЖРТга каттоо акысын төлөгөндүгүн тастыктаган квитанция;

•        Талаптарга ылайык келген электрондук сүрөт.

Бардык документтердин түп нускасы керек.

ЖРТга  онлайн каттоо боюнча бардык нускамалар ББОУБнын  www.testing.kg расмий  сайтында   жайгаштырылган жана райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө жөнөтүлөт.

Кышкы кабыл алуу боюнча ЖРТга каттоо акысы  ар бир абитуриент үчүн негизги тестке жана ар бир предметтик тестке 470 сомду түзөт.

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына өтүү үчүн (кышкы кабыл алуу) негизги тестти сөзсүз тапшыруу керек. Медициналык жана фармацевтикалык адистикке өтүү үчүн предметтик тесттерди сөзсүз тапшыруу керек. Кээ бир адистиктерге кабыл алууда предметтик тесттин жыйынтыгы бар абитуриенттер артыкчылыкка ээ болот. Предметтик тесттер сегиз сабак боюнча сунушталат: химия, биология, физика, математика, тарых, англис тили, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты.

Кышкы кабыл алуу үчүн  Жалпы республикалык тесттин болжолдуу тесттик мезгили – 2023-жылдын 24-ноябрынан 30-ноябрына чейин.

ЖРТга даярдануу үчүн ББОУБ www.testing.kg сайтында жана YouTube  каналында акысыз онлайн тесттер жана тестке даярдануу үчүн видеосабактар сунушталат.

Онлайн каттоо тууралуу суроолор боюнча ББОУБнын төмөндөгү номерлерине кайрылыңыздар:

(0312, 0502, 0500, 0550, 0770) 66-48-38;www.testing.kg

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар