БАШТАЛГЫЧ ЖАНА ОРТО КЕСИПТИК МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛИГИНЕ ТАЛАПКЕРЛЕР ТЕСТИРЛӨӨДӨН ӨТҮҮДӨ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

17 Октябрь 2023 ж. 11:25

Көрүлдү: 641

Бүгүн, - 17-октябрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде башталгыч жана орто кесиптик мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчиси кызматына талапкерлер тестирлөөдөн өтүүдө.

post.title

Тестке төмөнкү 4 багыттагы суроолор камтылган;

-    Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
-    башкаруу менеджменти;
-    психология-педагогика;
-    адистиги боюнча.

Тестирлөө эки нөөмөттө өткөрүлөт, кесиптик лицейлер боюнча 1 сменадагы тестирлөөгө:
Бишкек шаарынан – 24;
Чүй облусунан – 14;
Талас облусунан – 9;

Ал эми орто кесиптик окуу жайлар боюнча 24 талапкер катышууда, жалпысынан тестке катышууга 140 жаранга уруксаат берилген.

Тесттин жыйынтыгы автоматтык түрдө дароо чыгат.

Башталгыч жана орто кесиптик мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчиси кызматына талапкерлерди тестирлөөдөн өткөрүүнү Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борбору уюштурган.
Белгилей кетсек, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилери сынактын негизинде дайындалат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар