ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ОШ ШААРЫНДА КУРУЛУП ЖАТКАН БИР КАТАР БИЛИМ БЕРҮҮ ОБЪЕКТИЛЕРИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

16 Октябрь 2023 ж. 11:50

Көрүлдү: 2882

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 14-октябрда Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош шаарында курулуп жаткан бир катар билим берүү обьектилеринде болду.

post.title

Алгач курулушу 2016-жылы башталган С.Айни көчөсүндөгү 625 орундуу мектептин абалы менен таанышты,  учурда курулуш токтоп турат. 

Андан соң Ош шаарынын Ирригатор көчөсүндөгү курулушу 2015-жылы башталган 275 орундуу мектепти көрүп чыкты. Жалпы курулуш башталгандан бери 47 млн 161  миң сом которулуп берилген. Курулушу үчүн түзүлгөн келишим баасы 51 млн сомду түзгөн, куруучу ишкана «Биримдик XXI кылым» ЖЧКсы аныкталган. Курулушту толук бүтүрүү үчүн 16млн 457 миң сом  акча каражаты керектелет.

Ал эми №20 И.Раззаков атындагы  720 орундуу мектептин курулушу 2013-жылы башталган. Куруучу ишкана «Капитал-Курулуш» ЖЧКсы аныкталып, курулушу үчүн түзүлгөн келишим баасы 240 млн сомду түзгөн. Ош облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча, 124 млн сомдук жумуштар аткарылды.

Учурда мектептин жылытуу системасын жана саркынды сууларды шаардык түйүнгө кошуу иштери жүрүүдө, бирок шаардык тутумга туташтырууда кубаттуулугу жетпейт деген жүйөө айтылган. Бул боюнча министр Догдуркүл Кендирбаева тийиштүү мекемелер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт деп билдирди.

Мындан тышкары Өзгөчө кырдаалдар министрлиги авариялык абалда деп көрсөткөн №3 М.В.Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясында болуп, мектептин абалын карап чыкты. Бул мектеп  1928-жылы пайдаланууга берилген Ош шаарындагы тарыхый мектептердин бири. Учурда 275 орундуу мектепте 2562 окуучу билим алгандыктан, эки сменада окушат.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Министрлер Кабинетине Ош шаарында курулуп жаткан билим берүү обьектилери боюнча өзүнчө маалымат берерин билдирди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар