КЕСИПТИК-ТЕХНИКАЛЫК ЛИЦЕЙЛЕР ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ЧЫҢДООДО

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

9 Октябрь 2023 ж. 14:39

Көрүлдү: 2434

№98 кесиптик лицейи Hoster.kg компаниясынын кызматкерлерине, анын ичинде компаниянын башкы директору Сергей Ершовго адистерди даярдоонун сапатын жогорулатууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык каттарды тапшырды.

post.title

«Hoster.kg» №98 кесиптик лицейдин “Системдик администратор” тайпасынын студенттерин өндүрүштүк окутуудан өткөрүү үчүн сервердик жабдууларды берди, бул аларга ички конструкцияны жана программалык орнотууларды да үйрөнүүгө мүмкүндүк берет.

“Hoster.kg” өкүлдөрү эмгек рыногунда маалыматтык технологиялар боюнча адистерге болгон суроо-талап жогору экендигин белгилешти, компания студенттерге кесипти өздөштүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жардамын беүүдө.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар