“СЕЙТЕК” УЛУТТУК БОРБОРУНА ҮН ЖАНА ЖАРЫК БЕРҮҮ ЖАБДУУЛАРЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

9 Октябрь 2023 ж. 11:35

Көрүлдү: 2476

2023-жылдын 8-октябрында “Жапон мамлекети тарабынан маданият тармагындагы гранттык жардамдын алкагында “Үн жана жарык берүү системасын өркүндөтүү долбоору” аркылуу Балдар жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборуна үн жана жарык берүү жабдууларын тапшыруу аземи өттү.

post.title

Иш чарага Билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаева, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Года Хидэки, “Сейтек” улуттук борборунун директору Ира Балтабаева жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты.

Догдуркүл Кендирбаева Жапон Элчилигине кошумча билим берүү багытына зор салымын кошкондугу үчүн терең ыраазычылык билдирип, бул долбоор аркылуу мектептен тышкаркы кошумча билим алуу борборунда билим алып жаткан окуучулардын, педагогдордун арасында  көптөгөн маданий иш-чараларды, семинарларды, окууларды, квалификацияны жогорулатуу курстарын,  сабактарды, олимпиадаларды, концерттерди өткөрүүгө кошумча шарт түзүлдү деп билдирди.

Салтананаттын расмий бөлүгүнөн соң концерттик программа тартууланды, анда Кыргыз-Жапон адамдык өнүгүү борборунун барабанчылары Ооэдодайко тобу “тайко” деп аталган жапон добулбастарында өз өнөрлөрүн көрсөтүп, Балдар жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунун таланттуу балдары да талантын тартуулашты.

Белгилесек, “Сейтек” улуттук борборуна берилген үн жана жарык берүүчү жабдуулардын жалпы баасы 67 миң АКШ долларын түзөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар