РЕСПУБЛИКАНЫН БАРДЫК МЕКТЕПТЕРИН ИНТЕРНЕТ МЕНЕН КАМСЫЗДОО МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

6 Октябрь 2023 ж. 15:18

Көрүлдү: 3079

6-октябрда Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаева «Кыргызтелеком» ачык акционердик коомунун башкы директору Нурлан Мадаминов, коммерциялык директору Кубанычбек Баратбаев жана техникалык директору Мырзабек Шадыбеков менен жолугушту.

post.title

Тараптар алыскы аймактардагы мектептерди интернет менен камсыздоо, интернеттин ылдамдыгын жогорулатуу, Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматтык тутумуна кирүү үчүн локалдык тармакты жана Wi-Fi тармагын түзүү жана техникалык жактан тейлөө маселелерин талкуулашты.

Кеңешменин жыйынтыгында жумушчу топ түзүлүп, анын курамына белгиленген милдеттерди чечүү үчүн техникалык адистер кирген.

Догдуркүл Кендирбаева көйгөйлөрдү кыска мөөнөттө чечүү боюнча зарыл чараларды көрүү боюнча тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, республика боюнча 2372 мектептин ичинен 2172 мектепте интернет бар, ал эми 200 мектеп интернетке туташтырылган эмес.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар