БИШКЕКТЕ ОРУС ТИЛИ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

3 Октябрь 2023 ж. 18:41

Көрүлдү: 2605

3-октябрда Кыргызстан менен Россиянын мугалимдеринин эл аралык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Аида Рысбаева жана Россия Федерациясынын Агартуу министрлигинин Эл аралык кызматташуу борборунун директорунун м.а. Сергей Малышевдин катышуусунда Орус тили борборунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

post.title

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары уюштуруучуларга достук, жакшы коңшулук, улуттар аралык ынтымак, ишеним жана түшүнүшүү принцибине негизделген мамлекеттер аралык байланыш тили жана байланыш каражаты катары орус тилин колдоо жана жайылтуу маселелери боюнча мамлекеттер аралык кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Сергей Малышев Россия Федерациясынын Агартуу министри Сергей Кравцовдун иш-чаранын катышуучуларына куттуктоосун окуп берди.

“Келечекке көз-караш” Мугалимдердин эл аралык кыргыз-орус форуму Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин 2020-жылдын 18-декабрындагы жыйынында кабыл алынган 2023-жылды орус тилин улуттар аралык баарлашуу тили деп жарыялоо боюнча чечиминин алкагында өтүүдө. “Келечекке көз-караш” мугалимдер форуму М. Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университети тарабынан уюштурулган, бул окуу жайы 2021-жылдан бери Кыргызстанда орус тилин үйрөнүүнү колдоо долбооруна катышып, орус-кыргыз мектептерин түзүүнү, окуу программаларын иштеп чыгууну жана адистерди даярдоону көзөмөлдөйт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар