ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА КОЧКОР РАЙОНУНДАГЫ МЕКТЕПТЕРДИН БИРИНЕ КҮТҮҮСҮЗ БАРДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

2 Октябрь 2023 ж. 15:55

Көрүлдү: 822

Бүгүн, - 2-октябрда Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаева Нарын облусунун Кочкор районундагы Семиз-Бел айылындагы А.Бостонов атындагы орто мектепке күтүүсүз барып, анын иши менен таанышты.

post.title

Алгач ал 11 жана 6-класстардын тарых, англис тили сабагына кирди, андан соң орус тили сабагына катышып, балдар менен баарлашты.

Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева мугалимдер жамааты менен жолугушуп, аймактардагы билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, алдыңкы методикалык ыкмаларды өздөштүрүү тууралуу пикир алышуу болду.

“Мугалим балдарды билим алууга шыктандыруусу керек, сабак өтүүдө жаңы ыкма, технологияларды колдонуубуз зарыл. Мугалим комиссия үчүн жасалма сабак өтпөстөн, ар бир сабакка чыгармачыл мамиле жасоону адатка айлантуусу тийиш”, - деди ал.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар