“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” КОНКУРСУНУН ОБЛУСТУК ЭТАБЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

29 Сентябрь 2023 ж. 18:28

Көрүлдү: 1492

2022-2023-окуу жылындагы “Мыкты мугалим” жана “Мыкты тарбиячы” конкурсунун облустук этабынын жыйынтыгы менен 1-орундарга ээ болгон мугалимдер жана тарбиячылар аныкталды.

post.title

Облустук деңгээлде алдыңкы орундарга ээ болгон билим берүү уюмдарынын мыктылары республикалык деңгээлдеги сынакта күч сынашмакчы.

 

Мугалимдердин тизмеси:

Бишкек шаары - Рахманкулова Шахсанам Ибрагимовна, №21 орто мектептин башталгыч классынын мугалими, Свердлов району.

Баткен облусу - Сулайманова Нургүл Тажибаевна, англис тили мугалими, Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеп.

Жалал-Абад облусу - Кулубаева Забида Жамшитбековна, Тогуз-Торо районундагы Тоту Мойдунов атындагы №1 орто мектебинин башталгыч классынын мугалими.

Нарын облусу – Имашов Бексултан Кубанычбекович, Ат-Башы районундагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы инновациялык орто мектебинин кыргыз адабияты мугалими.

Ош шаары - Алекова Эльнура Алмазбековна, Г.Айтиев атындагы №37 орто мектебинин англис тили мугалими.

Ош облусу - Кеңеш кызы Айпери, Ноокат районундагы Н.К. Крупская атындагы орто мектебинин кыргыз адабияты мугалими.

Талас облусу - Абдулдаева Самара Уметбековна, Манас районундагы Улукман мектеп-лицейинин география мугалими.

Чүй облусу - Эсенгулова Карлыгач Абдыгазымовна, Сокулук районундагы Новопавловка мектеп-гимназиясынын кыргыз тили мугалими.

Ысык-Көл облусу - Алиев Канатбек Кудайбергенович, Т.Сыдыкбеков атындагы №16 орто мектебинин математика мугалими, Кең-Суу.

 

Тарбиячылардын тизмеси:

Бишкек шаары - Мамбеткулова Татыбүбү Жумабековна, №1 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячысы, Биринчи Май району.

Баткен облусу - Исакова Гүлмира Тураевна, №1 «Алтын-Бешик» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячысы, Баткен шаары.

Жалал-Абад облусу - Кубанычбек кызы Наргиза, «Жаңыл Мырза» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячысы, Тогуз-Торо району.

Ош шаары - Тыныбекова Мэрим Тыныбековна, “Асан-Үсөн” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячысы.

Ош облусу - Козубаева Назира Абдулазизовна, «Өрнөк үмүттөрү» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячысы, Ноокат району.

Нарын облусу - Кадыралы кызы Рахат, «Чебурашка» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячысы, Нарын шаары.

Талас облусу - Орункулова Мээрим Доолбековна, Д.Молдояров атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячысы.

Чүй облусу - Ибрагимова Мээрим Бурхадиновна, №20 «Улыбка» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячысы.

Ысык-Көл облусу - Белова Любовь Владимировна, №3 «Ай-Данек» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячысы, Чолпон-Ата шаары.

Мектепке чейинки билим беруү уюмдарынын өкүлдөрү

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар