Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
29 Сентябрь 2023 ж. 17:20
Көрүлдү: 2838
28-сентябрда Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу Азия өнүктүрүү банкынын мамлекеттик башкаруу боюнча адиси Бобир Гафуров жана АӨБ долбоорунун талдоочусу Льон Изабель Л. Марти менен жолугушту.
Министрдин орун басары башталгыч жана орто кесиптик билим берүү окуу жайларын каржылоо тартиби, окуу-өндүрүштүк комплекстер, иш ордунда/дуалдык окутуу жөнүндө айтып берди.
Тараптар Экономиканы диверсификациялоонун кеңейтилген программасын (4PEDP) реформалоонун алкагында тармактык көндүмдөрдү өнүктүрүү багытындагы иштин жыйынтыктарын, анын ичинде программа аяктагандан кийин аткарылган иш-чараларды талкуулашты.