КЫРГЫЗСТАН ЖАНА УЛУУ БРИТАНИЯНЫН ЖОЖДОРУ ОРТОСУНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ӨНҮКТҮРҮҮ МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

28 Сентябрь 2023 ж. 18:12

Көрүлдү: 2721

2023-жылдын 28-сентябрында Билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Супаналиев Улуу Британиянын Бизнес жана соода министрлигинин Уэльс менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Дэн Уолша менен жолугушту.

post.title

Анда тараптар Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары жана Улуу Британиянын университеттеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Министрдин орун басары Министрлик өнөктөш өлкөлөр менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айтып, студенттер үчүн алмашуу, мамлекеттик кызматкерлер үчүн квалификацияны жогорулатуу программаларын жана мугалимдер үчүн тил үйрөтүү курстарын уюштурууну караштырып көрүүнү сунуш кылды.

Өз кезегинде Дэн Уолша сунуштарды эске аларын, кызматташтыкты өнүктүрүүгө британия тарап да кызыкдар экенин белгиледи.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар