БЕКЖАН СУПАНАЛИЕВ БУУ АЗИЯ ЖАНА ТЫНЧ ОКЕАН ҮЧҮН ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАНА СОЦИАЛДЫК КОМИССИЯНЫН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

28 Сентябрь 2023 ж. 16:57

Көрүлдү: 2716

Бүгүн, - 28-сентябрда Билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Супаналиев БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын өкүлдөрү Андреас Дресслер жана Хизер Тейлор-Штраус менен жолукту.

post.title

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин, министрликтин жогорку билим берүү башкармалыгынын, эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жана жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышты.

Анда тараптар жашыл экономика, билим берүүнү санариптештирүү, айыл чарба тармагын өнүктүрүү жаатындагы кадрларды даярдоо, аталган жааттарды өнүктүрүүгө инвестиция тартуу боюнча пикир алышты. 

Бекжан Супаналиев БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын өкүлдөрүнө Кыргызстандын кесиптик билим берүү системасы, жашыл экономика, өндүрүш, IT, айыл чарба сыяктуу артыкчылыктуу кесиптерге кадрларды даярдоо тууралуу айтып берди.

“18-19-сентябрда өлкө башчысы Садыр Жапаров БУУнун башкы ассамблеясында Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда Кыргыз Республикасы билим берүү жана жашыл экономикага өзгөчө басым жасоо аркылуу көптөгөн көрсөткүчтөрдү кошо алдыга жылдырууга мүмкүн экенин билдирди”,-деди Бекжан Супаналиев.

 БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын өкүлдөрү Улуттук илимдер академиясы менен жогорку окуу жайлардын өкүлдөрүнө кызыккан суроолорун берип, маңыздуу жолугушуу үчүн ыраазычылык билдиришти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар