БЕКЖАН СУПАНАЛИЕВ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ӨНӨКТӨШТӨР МЕНЕН БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНА КОЛДООНУ ТАЛКУУЛАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

27 Сентябрь 2023 ж. 17:56

Көрүлдү: 2224

Бүгүн, 27-сентябрда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Супаналиев өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен жолугушту.

post.title

Министрдин орун басары Бекжан Супаналиев жана Ислам өнүктүрүү банкынын өлкөнүн операциялары боюнча аймактык менеджери Али Хан, ИӨБ жергиликтүү өкүлү Кубан Акматов, ЮНИСЕФтин билим берүү боюнча жетекчиси Томоя Сонода, ЮНИСЕФ билим берүү координатору Чынара Куменова Билим берүү боюнча Глобалдык өнөктөштүктүн мультипликативдик грантына (ИӨБ) кызыкдарлык билдирүүгө даярдыкты талкуулашты. Тараптар Билим берүү боюнча Глобалдык өнөктөштүккө  (ЮНИСЕФ) өлкөнүн өтүнүчүн берүүнү макулдашуу планы боюнча пикир алышты.

Бекжан Супаналиев белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 18-сентябрдагы Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча саммитте ТӨМ-4 максаттарын ишке ашырууну артыкчылыктуу багыттардын бири катары белгилеген.

Билим берүү боюнча Глобалдык өнөктөштүккө кызыкдарлыкты билдирүүгө даярдык жалпы жана адилеттүү, сапаттуу билим берүүнү колдоо жана бардыгы үчүн өмүр бою билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүү максатында ишке ашырылышы күтүлүүдө.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар