ДҮЙНӨЛҮК БАНК ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ЖАКШЫРТУУ БОЮНЧА СУНУШТАРЫН БЕРДИ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

27 Сентябрь 2023 ж. 14:30

Көрүлдү: 2285

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку, орто кесиптик жана ЖОЖдон кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Азамат Найманбаев жетектеген Кыргызстандын делегациясы Дүйнөлүк банк тарабынан Өзбекстандын Жогорку билим, илим жана инновациялар министрлиги менен биргеликте Борбордук Азия мамлекеттеринин жогорку билим берүү тармагында кызматташуусун өнүктүрүү боюнча Ташкент шаарында уюштурулган жогорку деңгээлдеги конференциясына катышты.

post.title

Конференцияда Дүйнөлүк банк Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилери, алдыңкы университеттердин ректорлору,  эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн жана жогорку билим берүү тармагындагы эксперттердин алдында «Борбор Азиядагы жогорку билим берүүнү жакшыртууга карай: аймактык ингтеграция аркылуу билим берүүнүн жана иликтөөлөрдүн сапатын жакшыртуу үчүн «жол картасы» баяндамасын тартуулады.

Бул документте жогорку билим берүү системасынын жеткиликтүүлүгүн, сапатын жана актуалдуулугун жогорулатуу, илимий-изилдөө жана инновациялык потенциалды чыңдоо, бирдиктүү жогорку билим берүү мейкиндигин түзүү үчүн алдыңкы чечимдерди колдонуу сыяктуу багыттарда Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты стимулдаштыруу чаралары боюнча сунуштар камтылган.

Жогорку, орто кесиптик жана ЖОЖдон кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Азамат Найманбаев төмөнкүлөрдү билдирди: «Биз конференцияда айтылган маселелерди, жогорку жана орто кесиптик билим берүү жаатындагы өлкөлөр ортосунда орун алган көйгөйлөрдү жакынкы мезгилде чече алабыз».

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын делегациясы Өзбекстан Республикасынын Жогорку билим берүү министри Иброхим Абдурахманов менен болгон жолугушууда эки өлкөнүн университеттери менен илимий мекемелеринин ортосунда академиялык мобилдүүлүктү уюштуруу, жаш изилдөөчүлөрдү стажировкадан өткөрүү жана биргелешкен илимий долбоорлор үчүн программаларды иштеп чыгуу маселелерин талкуулашты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар