БИШКЕК ШААРЫНЫН ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНДЕ PISA БОЮНЧА ТРЕНИНГ-ОКУУ ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

25 Сентябрь 2023 ж. 15:29

Көрүлдү: 512

Бишкек шаарынын Октябрь жана Биринчи Май райондук жалпы билим берүү мекемелеринин педагогдору PISA эл аралык изилдөөсүнө даярдык көрүү боюнча тренингден өтүштү.

post.title

Белгилесек, учурда Кыргызстан 2025-жылы өтүүчү PISA эл аралык изилдөөсүнө даярдык көрүүдө. PISA-2025 негизги максаты – табигый предеметтер боюнча 15 жаштагы окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жана алган билимин тажрыйбада колдоно билүү мүмкүнчүлүгүн баалоо.

Изилдөө бирдиктүү координациялык борбор тарабынан иштелип чыккан жалпы инструкция жана эрежелерге ылайык жүргүзүлөт. Изилдөөнүн ар бир этабы эл аралык эксперттер тарабынан көзөмөлгө алынат. Аткарылган иш автоматтык түрдө атайы программалык камсыздоонун жардамы аркылуу текшерилет.

Эл аралык изилдөө жыйынтыгы боюнча мыкты натыйжаларга жетишүү, өлкөнүн билим берүү мейкиндигинде татыктуу орун алуусу максатында бул сыяктуу тренингдер ырааттуу түрдө бардык аймактарда өткөрүлүшү пландалууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар